Химиялык зат ташыган поезд оодарылып калды

Химиялык зат ташыган поезд оодарылып калды
4-Сен. 2019, Шаршемби, 15:43

CBC News” басылмасы Канаданын Альберта провинциясынын түштүгүндө, 3-сентябрь шейшемби күнү, уулу химиялык зат ташыган поезд жолдон чыгып кеткенин кабарлады.

Баронс шаарчасына жакын аралыкта 21 вагон менен локомотив жолдон чыгып кеткен. Октан ташыган 3 вагондон жарык кеткени аныкталып, бирок куткаруучулар аны убагында токтотуп калышкан.

Октандын жарылуу коркунучун эске алышып, жергиликтүү бийлик окуя болгон жерден 2 чакырым аралыкта жайгашкан калкты көчүрүүнү колго алды.

Мындан сырткары бир канча убакытка окуя болгон жерге жакын аймакта автоунаалардын жүрүшү токтотулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР