“Дориан” бороону 330 миң кишини жарыксыз калтырды

“Дориан” бороону 330 миң кишини жарыксыз калтырды
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 11:46

“Дориан” бороонунун кесепетинен, АКШнын түштүк-чыгышындагы айрым штаттар кыйроого учураган. Эми аталган бороон Канаданын Атлантика жээктерине жетти.

Канаданын түпкү чыгышында жайгашкан Жаңы Шотландия аймагындагы Галифакс шаарында бороондун башталышы менен электрик зымдары үзүлүп, бактар ордунан омкорула баштады.

Коомдук коопсуздук министри Ральф Гудэйл бороон басаңдаары менен бийлик аталган аймакка аскер кызматкерлерин жөнөтөөрүн кабарлады. Ал эми жергиликтүү өкмөт башчылары жарандарды жээктен узак болуусун эскертти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР