Жек Маны узатууга 80 миң киши келет

Жек Маны узатууга 80 миң киши келет
10-Сен. 2019, Шейшемби, 12:36

"Alibaba" компаниясын негиздеген Жек Ма бүгүн, 10-сентябрда кызматынан кетет. Анын ордун Даниэл Чжан өткөрүп алары белгилүү болду. Миллиардерди узатуу иш-чарасы 80 миң киши бата турган "Hangzhou" олимпиада борборундагы стадиондо уюштурулары күтүлүүдө.

Англис тилинен мугалим Жек Ма "Alibaba" ишканасын 20 жыл мурда Ханчжоу шаарында чакан үйдө түптөгөн.

Өткөн жылы Шанхайда жайгашкан "Хурун" иликтөө компаниясы жарыялаган тизмеде Жек Ма 270 миллиард юань байлыгы менен биринчи сапка жазылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР