Канаданын борборун мас болгон еноттор каптады

Канаданын борборун мас болгон еноттор каптады
10-Сен. 2019, Шейшемби, 15:22

Канаданын Оттава шаарынын тургундары мас абалындагы енотторду көрүшкөн. Бул жаныбарлар жыгылып, араң туруп, алдыга артка кетип жүргөндөрү байкалган.

Еноттордун мындай абалына тынчсызданган аял адистерге, жанбарларды коргоо кызматына кайрылган. Аймактагы университеттин профессору Майкл Ранц бузулган мөмөмөрдөн жеп алганда ушундай мас абалында болорун билдирген. Окумуштуу адистерге енотторду эс алдыруу зарылдыгын кеңеш берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!