Конференция учурунда өрт чыкты

19-Май 2017, Жума

АКШда Калифорния штатындагы “Google” компаниясынын конференциясы өтүп жатканда өрт чыкты. Окуяда үч адам жаракат алганын “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги кабарлады.

Окуя Маунтин-Вью шаарында болгон. Компаниядан келген билдирүүдө өрт иш-чара өтүп жаткан имараттын ашканасынан чыккан. Катышуучулардан жабыркагандар болбогону менен, тейлөө кызматындагы үч адам жарат алган.

Маунтин-Вью шаарынын өрт кызматынын өкүлү жабыркагандардын бирөө оор абалда экенин, өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатканын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!