Беш миллион долларлык алтын унитаз уурдалды

16-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 12:06

Англиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилль төрөлүп, өскөн Бленхейм сарайына көргөзмөгө коюлган 18 карат алтын “Америка” унитазы уурдалды. Полиция 5 миллион долларлык алтын буюмду издөөгө киришти.

Окуя түндө болгон. Имаратка киргендер унитазды орнотулуп турган жеринен чыгарып кеткен.

Тыкыр кайтарууга алынган жайдагы уурулук көпчүлүктү таң калдырууда. Окуя боюнча 66 жаштагы шектүү кармалды. Бирок буюм дале табыла элек.

Алтын унитаз италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеландын көргөзмөсүнө коюлган. Ага чейин 2016-жылы Нью-Йорктогу Guggenheim музейине чыгарылган. Анда коопсуздук чараларынан улам зыярачылардын көрүсүнө 3 мүнөт уакыт берилген.
Алтын буюм 12-сентябрда Бленхейм сарайына чыгарылган. Мурдагы премьер-министр Уинстон Черчилль төрөлүп өскөн сарайда мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз уюштурулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты

Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат

Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон

Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту

Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты

Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан

Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”

Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!

Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат

Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар

Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды

​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда

Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”

24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот