Обама: Президент болсоңуз соцтармактан алыс болуңуз!

Обама: Президент болсоңуз соцтармактан алыс болуңуз!
20-Сен. 2019, Жума, 12:38

АКШнын 44-президенти Барак Обама “Президент социалдык медиадан жана кабелдүү телевизордон алыс болушу керек”,-деди. Анын айткандары социалдык тармакты кеңири пайдаланганы менен белгилүү АКШнын лидери Дональд Трампка эскертүү сыяктуу сыпатталды.

Эл аралык “Splunk” уюму өткөргөн иш-чарада сүйлөгөн Обама “Президент болуу өрт өчүрүүчү шлангдан суу ичкендей эле. Бардык маалыматтарга жалгыз өзүң ээ боло албайсың. Андыктан көйгөйлөрдүн түпкүрүн белгилей турган, маалыматтарда жакшы талдай алган команда түзгөнгө ишенимдүү болуу керек”,-деди. Ал сөзүн улай “Дагы бир жардамы тийбей турган нерсе телевизор көрүү жана социалдык медина кароо. Эгер президент болсоңор буларды сунуштабайт элем”,-деди.

Обаманын айткандары Трампка тийиштүүдөй сезилди. АКШнын учурдагы президенти кабелдик телеканалдардан көп чыгат. Ошол эле мезгилде социалдык медианы активдүү колдонуп, саясий чечимдерин баракчаларында жарыялайт. “The Guardian” басылмасынын маалыматына караганда Трамп акыркы алты айда 284 твит жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!