Индия: Гандинин сөөгүнүн күлү уурдалды

Индия: Гандинин сөөгүнүн күлү уурдалды
4-Окт. 2019, Жума, 12:03

Индиянын Эгемендик кыймылынын саясий лидери Махатма Гандинин туулганынын 150 жылдыгында сөөгүгнүн күлүнүн бир бөлүгү уурдалган.

Мадхья-Прадеш штатында Рева шаарынын коопсуздук кызматы Бапу Бхаван жайында 1948-жылдан бери кармалып туран Гандинин сөөгүнүн күлүнүн бир бөлүгү уурдалганын тастыктады. Анысы аз келгенсип уурулар Гандинин сүрөтүнө жашыл боек менен “чыккынчы” деп жазганы белгиленди.

Эстелик боюнча жооптуу Мангалдип Тивари жергиликтүү маалымат каражаттарына айткандарында Гандинин туулган күнү болгону үчүн эртең менен эстелик турган жердин каалгасын ачканын, кайтканда Гандинин күлү жоголгонун жана жазуулары булганганын көргөнүн билдирди.

Иликтөө иштери башталды

Полиция окуяны улуттук биримдикке зыян келтирүү, тынчтыкты бузуу аракеттери катары баалап, иликтөөгө киришти.

Индия Англиянын колониасына каршы катуу тирешкен кыймылдын лидери Махатма Гандини индиялыктар “улуттун атасы” катары эсептешет.

1869-жылы 2-октябрда төрөлгөн Ганди өлкөсү Индияда эгемендиктин жолун ачкан жана Индиянын саясий лидери катары кабылданган. Бир топ эркиндик жана адам укуктарын кыймылдарына дем болуп келет.

Ганди 1948-жылы январда кол салууга кабылып көз жумган. Анын өлүмүнөн кийин элинин салтына ылайык күлү сууга салынган. Бирок бир бөлүгү сакталып, өлкөдө өзгөчө жайларга коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди