Баку-2017: оюн жыйынтыкталды

23-Май 2017, Шейшемби

Кечээ, 22-майда Азербайжандын Баку шаарында өткөн IV Ислам тилектештигинин “Баку-2017” оюндары салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

Оюндун жабылыш аземине Азербайжандын президенти Илхам Алиев, өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиева, Ислам тилектештигинин оюндарынын комитетинин директору Азад Рагимов катышты.

Бул мелдеште кыргызстандык команда мыкты көрсөткүчтү көрсөтүп, 54 мамлекеттин ичинен 10-оруна ээ болду. Кыргызстандын курама командасынан 69 спортчу катышып, спорттун 11 түрү боюнча өлкө намысын коргошту. Алар 17 медаль алып, анын ичинен 4 алтын, 5 күмүш, 8 коло байгеге ээ болушту.

Ислам тилектештигинде жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:

Ислам оюндарында чемпион болгон спортчулар:

1.Юрий Краковецкий - дзюдо;

2.Каныбек Жолчубеков - грек-рим күрөшү;

3.Муслим Евлаев – эркин күрөш;

4.Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер арасындагы күрөш.

Күмүш байге алган спортчулар:

1.Узур Жусупбеков - грек-рим күрөшү;

2.Руслан Царев - грек-рим күрөшү;

3. Жанат Кыйлыбаев - грек-рим күрөшү;

4. Алибек Осмонов –эркин күрөш;

5. Туратбек Сулайманкул уулу - ушу-саньшоу.

Коло тагынган спортчулар:

1 Отар Бестаев - дзюдо;

2. Бектур Рысмамбетов - дзюдо;

3. Владимир Золоев - дзюдо;

4. Дарья Таланова - 200 метр аралыка сууда сүзүү;

5. Кайратбек Туголбаев - грек-рим күрөшү;

6. Дарья Маслова - 5000 метр аралык жеңил атлетика;

7. Айпери Медет кызы – кыз-келиндер арасындагы күрөш;

8. Кыргызстандын кыз-келиндердин волейбол боюнча улуттук команда.

Ислам тилектештигинин оюндары 12-майда башталып, 22-майга чейин спорттун 24 түрү менен 269 комплект медалдар ойнотулду. Ага 54 мамлекеттин 3000ден ашуун спортчулары күч сынашты.

1-орунда Азербайжан - 162 медаль (75 алтын, 50 күмүш, 37 коло)

2-орунда Түркия - 195 медаль (71 алтын, 67 күмүш, 57 коло)

3-орунда Иран - 98 медаль (39 алтын, 26 күмүш, 33 коло )

4-орунда Өзбекстан - 63 медаль (15 алтын, 17 күмүш, 31 коло)

10-орунда Кыргызстан - 17 медаль (4 алтын, 5 күмүш, 8 коло)

Коңшу мамлекеттерден14- орунда Казакстан- 19 медаль (2 алтын, 5 күмүш, 12 коло)36-орунда Тажикстан 4 коло алган.

Кийинки Ислам тилектештигинин оюндары 2021-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өтмөкчү. Ислам тилектештигинин спорт федерациясынын туусу Түркияга тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!