Алтын унитазды тапканга 125 миң доллар сыйлык берилет

Алтын унитазды тапканга 125 миң доллар сыйлык берилет
5-Окт. 2019, Ишемби, 13:41

Англияда уурдалган 18 карат алтындан жасалган "Amerika" аттуу унитазды табууга жардам бергендерге 125 миң доллар акчалай сыйлык берилерин жарыяланды.

Өлкөнүн Бленхейм сарайында көргөзмөгө коюлган жерден 14-сентябрда уурдалган, 6 миллион долларлык унитаз италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеландын эмгеги.

Акчалай сыйлыкты алуунун шарттары

Уурулар унитазды кайтарып бул акчага ээ болорунан тынчсызданган жетекчилер алгач 18 карат алтын буюмду зыян келтирилбегенин жана күнөөлүүлөрдү кошо кармап келүү шартын коюшту.

Полиция жарыялаган видеодо уурулукка шектенгендер көк түстөгү Volkswagen Golf унаасы менен музейден кеткени көрүнүп турат. Ал учурда номерлерин алмаштырып алгандыктан бул унаа эмдигиче табыла элек.

Трампка сунушталды

"America" аттуу эмгек 2016-жылы Нью-Йорктогу Гуггенхайм музейинде көрсөтүлгөн. Бул жакта пайдаланууга берилген алтын унитазды зыяратчыларга бир долларга, үч мүнөт пайдаланууга уруксат беришкен. 18 карат алтын буюмду 100 миңге жакын киши пайдаланды.

2017-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп белгилүү сүрөтчү Винсент ван Гогдун 1888-жылы тарткан "Карлуу пейзаж" аттуу сүрөтүн музейден сураган. Анын ордуна музей жетекчилиги алтын унитазды сунушташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди