Италияда парламенттарийлердин саны азайтылды

Италияда парламенттарийлердин саны азайтылды
9-Окт. 2019, Шаршемби, 16:04

Өкүлдөр палатасындагы 630 депутат 400гө, Сенаттагы 315 сенатор 200гө түшүрүлөт. Италияда парламентарийлердин үчтөн бирин азайтуу боюнча мыйзам парламентте кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык Өкүлдөр палатасындагы 630 депутат 400, Сенаттагы 315 сенатор 200 болот.

Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам парламенттин эки палатасында эки ирет добушка коюлушу керек.

Февраль, май, июль айларында болгон добуш берүүлөрдөн кийин акыркы чечим Өкүлдөр палатасында кабыл алынды.

630 орундуу Өкүлдөр палатасынан бул мыйзамга 553 макул, 14 каршы, 2 калыс добуш берилген. Мыйзам кабыл алынышы үчүн аз дегенде 316 макул добушу зарыл болгон.

Жаңы мыйзамды 2023-жылга белгиленген шайлоодон кийин күчүнө киргизүү паландалууда.

"10 жылда 1 миллиард евро үнүмдөлөт"

Парламентарийлердин санын азайтуу өткөн айда түзүлгөн жаңы коалиция өкмөтү 5 Жылдыз кыймылы жана Демократиялык партия жана башка оппозициялык партиялардан колдоо тапты.

5 Жылдыз кыймылы парламентарийлердин саны азайса 10 жыл ичинде 1 миллиард евро үнөмдөлөөрүн белгилеген.

Италияда учурда 64 миң жаранга бир депутат туура келсе, жаңы мыйзамга ылайык 101 миң кишиге бир парламенттарий туура келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?