Канализациядан узундугу 4 метр болгон кобра чыкты (видео)

Канализациядан узундугу 4 метр болгон кобра чыкты (видео)
15-Окт. 2019, Шейшемби, 11:15

Тайланддын туристик аймагы болгон Крабиде узундугу 4 метр болгон кобра канализациянын ичине кирип кеткен.

Коопсуздук кызматкерлери салмагы 15 килограммга жеткен коркунучтуу кобраны узундугу 30 метр болгон канализациядан чыгаруу үчүн бир топ убара болушту. Акыры кызматкерлер эч кимге зыян келтирбестен аталган жыланды чыгарып алышты.

Туристтик аймактын соода-саатык базарында кармалган коркунучтуу жылан жаратылыш коругуна жеткирилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!