Аскердик аракеттерге АКШнын Коргоо министри пикирин билдирди

Аскердик аракеттерге АКШнын Коргоо министри пикирин билдирди
16-Окт. 2019, Шаршемби, 10:35

Түркиянын Сириянын түштүгүнө багытталган аскердик аракеттери жети күндөн бери уланууда. Бул боюнча АКШнын Коргоо министри Марк Эспер өзүнүн пикирин билдирди.

АКШ менен эл аралык уюмдун бардык эскертүүлөрүнө карабай Түркия Сириянын түндүгүнө бир тараптуу “басып алуу” буйругун бергендигин белгилеген Эспер: "Мындай иш аракеттин аркасы оор жоготуулар, баш калкалоо, кыйроо, кооптуу жагдайлар жана АКШнын аскер күчтөрүнө болгон коркунуч менен аяктады”,-деди.

Буга кошумча Эспер согуштун келип чыгышы менен кошо андан жаралган бардык кырдаалга жоопкер тараптар кимдер экенин баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!