20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)

20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
16-Окт. 2019, Шаршемби, 14:38

Сан-Францискодо белгисиз адам 30 секундда Сальвадор Далинин гравюрасын (кол менен жасалган клишеден тартылган сүрөт) уурдап кеткен. Бул боюнча CBS” телеканалы кабарлады.

Окуя сүрөт галереясынан сыртындагы видео байкоого түшүп калган. Видеобайкоодон галереянын жанынан кыска шорт менен футболка кийген адамды байкоого болот. Ал мольберт көтөрүп белгисиз тарапты көздөй бет алган.

Белгисиз адам уурдап кеткен сүрөт жергиликтүү галереяга тиешелүү экспонаттардын бири болгон. Ал Сальвадор Далиге таандык “Күйүп жаткан акыра” же “Оттогу акыра” аталышындагы эмгек эле.

50х60 өлчөмүндөгү мольбертке түшүрүлгөн аталган эмгекти сүрөтчү 1966-67-жылдар аралыганда жараткан. Ал 20 миң долларга бааланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!