Кытайлык байлар америкалык байлардан ашты

Кытайлык байлар америкалык байлардан ашты
22-Окт. 2019, Шейшемби, 11:51

Дүйнөдө 47 миллион киши доллар милионери.

АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согуштары акыркы мезгилдерде тереңдеди. Анткен менен кытайлык байлардын саны биринчи жолу америкалык байлардын санынан ашты. Дүйнөдөгү эң бай 10 пайыздык катмардын 100 миллиону кытайлыктар болсо, америкалык байлардын саны 99 миллионго жетти.

Швейцариялык “Credit Suisse” банкы глобалдык байлыкты изилдеди. Андагы маалыматтарга караганда дүйнөдөгү миллионерлердин саны бул жылдын ортосунда 1,1 миллиондон ашып, жалпы 46,8 миллионго жетти. Билдирүүдө 46,8 миллион киши 158,3 триллион Америка доллары менен эсептелген так байлыкка ээ экени белгиленди.

АКШда миллионерлердин тизмесине бул жылы 675 миң жаңылар кошулду. Бир топ мамлекетте байлардын саны валютадагы эрежелерден улама азайды. Доллар байлардын саны Австралияда 124 миң, Англияда 27 миң жана Түркияда 24 миң болду. Билдирүүгө ылайык 55 миң 920 киши аз дегенде 100 миллион Америка доллары байлыкка ээ. 4 миң 830 кишинин 500 миллион доллардан ашык байлыгы бар.

Глобалдык байлык акыркы бир жылда 2,6 пайызга көбөйгөн. 2024-жылга чейин 27 пайыздан ашык жогорулап, 459 триллион долларга жетери күтүлүүдө. Божомолдорго караганда миллионерледин саны келерки 5 жылда 63 миллионго жетет.

Эң бай 10 пайыздык катмардан тышкаркы 90 пайыздык катмар глобалдык байлыктын 18 пайызына ээ. Бул чек 2000-жылы 11 пайыз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!