Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды

Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
22-Окт. 2019, Шейшемби, 14:48

Бангладеште сынакка өзүнүн ордуна сегиз “дублер” жалдаган депутат университеттен чыгарылды.

Бийликтеги Эл биримдиги партиясынан депутат Таманна Нусрат төрт семестрда 13 сынакка өз ордуна өзүнө окшогон аялдарды киргизгени белгилүү болду.

Жаңжал “Nagarik” телеканалындагы кабардан улам белгилүү болду. Социалдык медиага тараган видеодо сынак башталар алдында кабарчыларга маек берген аял өзүн Таманна Нусратмын деп таныштырган. Бирок аялдын өзүнүн аты жөнү ачыкка чыкканда сынактан чыгып кеткенге аргасыз болду.

“Бары билген, бирок унчуга алган жок”

Окуу жайдын жетекчилеринин бири “дублерлор” сынакка жан сакчылар менен келип жатканын айтты. “Көпчүлүк студенттер чындыкты билишкен. Бирок Нусрат таанымал болгондуктан эчкимиси үн ката алган жок”,-деди.

Жогорку окуу жайда билим алып жаткан Нусрат парламентке өткөн жылы шайланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!