Билл Гейтстен да “бай” бала бар

Билл Гейтстен да “бай” бала бар
22-Окт. 2019, Шейшемби, 16:43

Бир тууганыма “WhatsApp” тиркемесинен жазуу келди. Досум бул жазуу жашоосунда окуган эң жакшы жазуу экенин айтты. Анда мындай деп жазылган.

"Сизден да бай адам барбы?” деген суроого Бил Гейтс “Ооба менден да бай адам бар” деп жооп берет. Ал ким деп кайрадан сурашканда Билл Гейтс “Көп жылдар мурда окуумду аяктаганымда Microsoft долбоору боюнча оюмда көп нерсе бар эле. Ошол мезгилде саякатка чыгып Нью-Йорк аэропортуна бардым. Ал жакта журнал сатып жүргөн бирөө көзүмө түштү. Журналдардагы бир аталыш жагып калгандыктан сатып алуу үчүн акча издесем чөнтөгүмдө бир тыйын жок. Журнал сатып жүргөн кара терилүү кичине бала алыңыз, бул менден болсун”,-деди. Бул окуядан үч ай өткөндө дагы ушул көрүнүшкө туш болдум. Баладан “Сен акчасы жетпегендердин барына журналды бекер бересиңби?”,-деп сурадым. “Оба, бирөөгө чын жүрөгүмдөн бир нерсе бергенде сүйүнүп, ичим жылыйт”,-деп жооп берди.

19 жылдан соң материалдык абалым эң жогорку деңгээлге жетти. Ошондо баланы таап анын жакшылыгына жооп кылгым келди. Аны издөөгө атайын топ түздүм. Бир жарым жылдан кийин аны табышты. Бир театрда коопсуздук кызматкери болуп эмгектенет экен. Аны кеңсеме чакырдым. Мени таанып тааныбасын сурадым.

“Ооба сиз Бил Гейтс мырзасыз. Сизди бары тааныйт”,-деди. “Бир нече жыл мурда кичине кезиңде журнал сатып жүргөндө мага эки журнал белек кылган элең. Эмнеге андай кылдың?”,-деп сурадым. “Анын эч кандай себеби жок. Кайтарымсыз бир нерсе берсем өзүмдү бактылуу сезем”,-деди.

Ага жакшылыгыңдын ордуна бир нерсе кылгым келет. Эмне каласаң сура”,-десем “Кандай?”,-деп туруп калды. “Эмне кааласаң берем”,-дедим.

Ал күлүп “Рахмат, бирок эч нерсеге муктаж эмесмин”,-деди. Мен болсо “Бир нерсе алышың керек. Мен жакшылыгыңа жооп кылгым келет”,-дедим.

Мага карап “Ар нерсе бергенге күчүңүз жетет. Бирок менин жакшылыгымдын жообун бере албайсыз”,-деди. Ал кандай мааниде айтканын сурадым. Ал адам “Сиз экөөбүздүн ортобузда айырма бар. Мен жокчулук, жакырчылыкта турганда сизге жакшылык кылгам. Ал эми сиз байып, күчүңүз барына жетип турганда менин жакшылыгыма жооп бергени турасыз. Антсе да сизге ыраазычылык билдирем”,-деди.

Билл Гейтс “Бул айтылгандар мага ал адам менден да бай экенин сезирди”,-деп сөзүн аяктаган.

Мен ошол адамдын ордунда болсом Билл Гейтске “Байлыгыңыздын жарымын мага бериңиз”,-демекмин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!