Кургакчылыктан 50 пил өлдү

Кургакчылыктан 50 пил өлдү
23-Окт. 2019, Шаршемби, 17:55

Зимбабвенин батышындагы паркта 55 пил өлдү.

“Zimparks” аттуу жаныбарлар боюнча иш алып барган агенттиктин маалымат катчысы Тинаше Фараво пилдер “Hwange” улуттук паркынын айланасындагы суу түтүктөрүнүн жанында өлгөнүн билдирди. Жаныбарлар узак жолду басканына караганда суу ичүү үчүн келгенин болжолдошууда.

“Reuters” агенттигине берген маегинде Фраво “Пилдер ачкадан, кургакчылыктан өлүп жатат. Айла жок жамгырдын жаашын күтүп жатабыз. Бул чоң көйгөй”,-деген.

“Zimparks” агенттиги пилдер суу ичкен жерлердин бир тобу соолуп калганын билдирген. Ошондой эле жаңы арыктар казылып жатканын, ага зарыл каржылык колдоо жок болуп жатканын кошумчалаган.

Иликтөөлөр 55 миң мүчөсү бар пилдердин үйүрү жашаган паркта 55 жаныбар ачка жана суусап өлгөнүн көрсөттү.

Зимбабве буга чейин “Hwange” паркындагы каржылык кыйынчылыктардан улам Кытайга пилдин баласын саткан. Андан түшкөн каражатты паркка жумшала турган билдиришкен.

Бул мамлекет 2016-жылы жапайы жаныбарларды сатыкка койгон. Потенциалдуу алуучулардан жаныбарларды кургакчылыктан сактоону өтүнүшкөн.

Эл аралык Жаратылышты коргоо биримдигинин (IUCN) маалыматына караганда Африкадагы пилдердин саны акыркы он жылда өзгөчө алардын тиши баа болгондон бери 415 миңден 111 миң болуп төмөндөгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты