Президент: Жыйылган көйгөйлөрдү көрбөптүрбүз

Президент: Жыйылган көйгөйлөрдү көрбөптүрбүз
24-Окт. 2019, Бейшемби, 12:06

Чилинин президенти Себастьян Пиньера өлкөдө козголоңдорго себеп болгон көйгөйлөрдүн көптүгүн белгилеп, "Бул жагынан алдыны көрө албаганыбызды кабылдадык. Андан улам кечирим сурайм”,-деди.

Пиньера президенттик La Moneda сарайындагы маалымат жыйынында элдин талаптарын эске алганын, бир катар экономикалык жардам планы ишке ашырыларын айтты.

"Элдин муктаждыктары жана социалдык талаптарын уктук. Көп жылдардан бери көйгөй топтолуп келген. Буга чейинки өкмөттөр бул абалды эске албаганы чын. Бул жагынан алдыны көрө албаганыбызды кабылдадык. Андан улам кечирим сурайм”,-деди.

Пиньера нааразычылыктарды токтотуу максатында оппозиция жана бийликтеги партиялар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин даярдалган 10 темадан турган "Социалдык күн тартиби” аттуу экономикалык жардам пакети менен элди тааныштырды.

Анда пенсия жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге төлөмдөрдү көбөйтүү, саламаттык, электрге болгон бааларды азайтуу, киреше көп тапкан ишканаларга салыктын көлөмүн көбөйтүү жагы каралган.

Чилинин борбору Сантьягодогу метродо өткөн аптада "турникеттен аттоо” түрүндө козголоңдор башталган. Анда коопсуздук күчтөрү турникеттен аттаган жана жол кире төлөбөй өткөндөргө күч колдонуусу акыры баш аламандыкка алып келген.

Айрым аялдамаларда турникеттерди жана айнектерди сындыргандарга полиция көздөн жаш агызуучу газдарды колдонгон.

Козголоңдор учурунда 15 киши көз жумса, 84 киши жарадар болду. 2 миңден ашык адам камалды.

Чилинин мурдагы президенти жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет өлкөдөгү абалды тынчытуу үчүн саясий жана жарандык коомдордун лидерлерин сүйлөшүүгө чакырып жатты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
​Чемпиондун 6 жаштагы баласын өлтүрөбүз деп коркутушууда
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
ИИМ: Саймаити кыргызстандыктын паспортун колдонуп жүргөн
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
​Кыргызстан-Жапония: Бүгүн Акшумкарларды колдойлу!
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Боронов Кыргыз-британ инвестициялык форумуна катышты
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты