Казакстан жана Россия ракета чыгарат

24-Май 2017, Шаршемби

Казакстан жана Россия жакынкы күндөрдө “Байконур” космодромун пайдалануу жана үчүнчү класстагы ракетаны иштеп чыгуу жагын талкуулаганы турат. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттигине Россия Федерациясынын вице-премьери Дмитрий Рогозин билдирген.

“Эки өлкө “Байтерек” долбоорунун алкагында “Байконур” космодромун биргеликте пайдалануу жагын сүйлөшөт. Казакстан старттык аянтты калыбына келтирүүгө каржылык көмөк көрсөткөн соң ракетаны иштеп чыгуу жагы пландалат. Орто класстагы ракетанын Жердин айланасындагы орбитада жүк көтөрүмдүүлүгү 17 тоннага жетет”,-деген Рогозин. Ал мындай түзүмдү иштеп чыгуу Россиянын космос тармагы боюнча коммерциялык кызмат рыногунда атаандаштыкты сактап калуусуна жардам берерин кошумчалады.

Казакстандын Коргоо жана аэрокосмостук өндүрүш боюнча вице-министри Марат Нургужин “Байтерек” долбоору “Байконур” космодромундагы “Зенит” космостук ракеталык комплексинде жана Федералдык космостук программасынын алкагында 2018-жылдан башталарын айткан. Ал Россия тарап ракета алып жүрүүчүнү түзүү жагын, ал эми Казакстан старттык аянтты жана “Зенит” комплексин жаңылоо жагын алганын билдирген.

Аталган өлкөлөр 2016-жылы мамлекет башчылары тарабынан демилгеленген “Байтерек” долбоорунун Жол картасын ишке ашырганы турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!