Аптадагы маалыматтар: Япония жаңы императорун тактыга отургузду

Аптадагы маалыматтар: Япония жаңы императорун тактыга отургузду
26-Окт. 2019, Ишемби, 15:17

Бул жумада Японияда Император Нарухито расмий түрдө Хризантема тактысына чыкса, Испанияда диктатор Франконун сөөгү өлгөнүнө 44 жыл болгондон кийин мавзолейден чыгарылды. Италияда сел каптаса, роботтор футбол ойноду.

Жашыл талаадагы робот футболчулардын шоусу

Рим шаарында Robocup футбол турнири 6-ирет өтүп жатат. Nao аттуу роботтордун оюнуна 7жаштан 70 жашка чейинки 100 миңдей эл кызыгып көрүштү.

Сел каптады

Италиянын түндүгүндө Кастеллетто-д’Орба коммунаасында аптанын башында нөшөрлөгөн жамгырдан улам каптаган сел 1 адамдын өмүрүн алды. 50гө жакын тургун коопсуз жактарга көчүрүлдү.

Хризантема тактысына чыккан Нарухито Япониянын жаңы императору

Япониянын жаңы императору Нарухито бул аптада Хризантема тактысына отуруп, өлкөнүн расмий 126-императору болду.

Мурдагы император Акихито улгайганына байланыштуу май айында уулу Нарухитого ордун берген.

1 миң 500 жылдык тарыхы бар япониялык императорлорго Экинчи дүйнөлүк согушка чейин теңир сыяктуу мамиле жасашкан. Согуштагы жеңилүүдөн кийин алардын бул өзгөчөлүгү алынып, болгону символикалык кызмат катары улантуу укугу берилген.

Барселона бассейндерин булгады

Барселонада Каталония саясатчыларга берилген жазаларга каршы башталган наразычылык акцияларынын катышуучулары декоративдүү көлмөгө самын суу куюшту. Алар бул аракеттерин символикалык жактан Барселона шаарын тазалоо катары түшүндүрүштү.

Өткөн аптада Жогорку Сот Испанияда мыйзамсыз референдумдан улам 12 каталониялык саясатчыны 9-13 жыл эркинен ажыраткан.

Диктатор Франконун сөөгү мавзолейден чыгарылды

Испанияда диктатор Франсиско Франконун Мадридге жакынкы Шейиттер өрөөнүндөгү мемориалдык көрүстөдндөгү сөөгү 44 жылдан кийин үй-бүлөсүнүн көрүстөнүнө көчүрүлүдү.

Испаниядагы социалист азчылык өкмөтү өлкөнү 1936-1975-жылдар башкарган диктатор Франконун издерин өчүрүү үчүн 16 ай бою парламентте өз ойлорун билдирип келишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт