Жол тыгынын болтурбоону кумурскалардан үйрөнөбүзбү?

Жол тыгынын болтурбоону кумурскалардан үйрөнөбүзбү?
28-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 17:10

Ири шаарларда унаалардын тыгыны эң башкы көйгөйгө айланды. Аны чечүү боюнча түрдүү изилдөөлөр жүрүп жатат. Ал үчүн кумурскалардын катыштыгында тажрыйба жасап көрүштү.

АКШнын Аризона университети жана Франциянын Тулуз университетинен изилдөөчү топ eLife журналына макала жарыялады. Анда кумурскалар көпчүлүк болсо да каттамдарын жакшыртуу үчүн токтоосуз аракет кылары изилдеген.

Окумуштуулардын тобу 400-25 миң 600 кумурска азык топтоодо катарын бузбаганын, бири-биринен жол талашпаганын көргөн. Тажрыйбада алардын жолдорун ар түрдүүчө өзгөртүп, ага кандай мамиле кыларына байкоо салышкан. Жолдордун кеңдиги жана кумурскалардын санын өзгөртүп, майда жандыктардын жүрүшүн изилпдешкен.

Жыйынтыгында эки кумурска гана бата турган тар жерлерде да тыгындар сейрек болору белгилүү болду. Алар туруктуу агымын өзгөртпөстөн, бири-бири менен түртүшпөстөн, катарын бузбастан өз иштерин аткарышты.

Адамдардын кумурскадан айырмасы эмне?

Изилдөөдө “Кумурскалар орток максатты көздөшөт. Алар үчүн катарды бузбоо маанилүү. Андан улам азыгына жетүүчү жолдон тайбаш үчүн биргеликте кыймылга келишет. Адамдардын ар биринин максаты ар башкача. Ар ким өзүнүн ишине ашыгып жатып, жолдо тыгындарды жаратышат. Айырма ушунда”,-деп жазылган. Ошондой эле мындай маселени чечүүнү эч ким ойлонбогондуктан, кайра эле ошол көйгөйлөр кайталанары айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт