Таштандыдагы сүрөт 24 миллион еврого бааланарын эч ким билген эмес (видео)

Таштандыдагы сүрөт 24 миллион еврого бааланарын эч ким билген эмес (видео)
29-Окт. 2019, Шейшемби, 11:59

Франциялык аялдын үйүндө илинип турган сүрөт 24 миллион еврого сатылды. Ал тургай ушул мезгилге чейин эң кымбат сатылган Орто доорго таандык сүрөт наамын алды.

Парижден 80 чакырым түштүгүндөгү Компьень шаарында жашаган 90 жаштагы аял ашканасына илип койгон сүрөт мынчалык баалу экенин билген эмес. Эмгекти энесинен калган буюмдардын арасынан тапкан жана анча маани бербей бир бурчка илип койгон.

Бай болууга көч себеп болгон

Карылыктан улам бул үйүн сатып, чакан батирге көчүүнү чечкен аял буюмдарын ирээттей баштаган. Бул сүрөттү болсо таштандыга ыргытуу үчүн керексиз нерселердин арасына кошкон.

Ал ортодо Париждеги Сенлис музейинин адиси Филомен Вольф бул аялга байланышка чыгып, сатыла турган буюмдардын бары жогун сураган.

"24 миллиондук сүрөт таштанды болуудан кутулду”

Бардыгы мына ушул чалуулардан кийин башталды. Вольф “Ошол аптада абдан ишим коп болду. Бирок сатыла турган үйгө барууга убакыт таптым. Болбосо көп нерсе таштанды болорун сездим. Буюмдарды карап жатып сүрөттүн баалуу экенин байкадым. Бирок Чимабуэники экенин болжой албайт болчумун”,-деди.

Париждеги Сенлис музейинде өткөн аукциондо сатылган сүрөт 12-кылымда жашаган флоренциялык сүрөтчү Чимабуэнин Иса пайгамбар тууралуу тартылган сегиз эмгегинин бирөөсү болуп чыкты. Ал эми ага ээлик кылып жүргөн улгайган аял атын атагысы келген жок.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт