Талыкпаган эмгек сенсордук экрандын ханышасына айлантты

Талыкпаган эмгек сенсордук экрандын ханышасына айлантты
30-Окт. 2019, Шаршемби, 11:51

Кытайлык мамлекеттик ишкер Мао Цзэдундун «Аялдар өздөрүнүн ийнинде асмандын жарымын көтөрүп турат» деп айтканы бар. Бул сөзү аркылуу ал Кытайдын улуу державага айлануусуна аялдардын салымын баса белгилегиси келген. Кытай изилдөө институтунун акыркы баяндамасы бул айтылгандарды тастыктады. Ага ылайык өзүлөрү бутунан турган эң бай 10 аялдын 8и кытайлык айымдар экен.

«Сенсордук экрандын ханышасы»

Кытай боюнча жалпы рейтингде Чжоу Кунфей биринчи орунда турат. Ал Samsung жана Apple сыяктуу ири ишканаларды сенсордук экрандар менен камсыздаган “Lens Technologies” компаниясын негиздеген.

Чжоу Кытайда чакан айылда чоңойгон. Кичинесинде кийимдер боюнча дизайнер болгусу келген. 5 жашында энесинен айрылса, атасы өндүрүштөгү кырсыктан улам жарым жартылай азиз болуп калган. Чжоу мектепте мыкты окуганы менен 16 жашында шартка байланыштуу окуусун таштап, иштеп баштаган. Сааттарга айнек чыгарган фабрикага ишке орношуп, күнүнө 1 доллар тапкан. Жумушу оор, антсе да иштөөгө аргасыз эле.

Ишине алымсынбаган Чжоу жетекчисине ыраазычылык айтып, жумуштан бошотууну суранган. Жетекчиси бошоткондун ордуна анын кызматын көтөргөн. Өндүрүштү түшүнүү жана карьералык өсүш ошол биринчи иштеген жеринен башталган. Чжоу бул жактагы өндүрүш процессинен улам өзүнүн ишканасын ачканга толук түшүнүк алган. Бул ишинен ийгиликке жетишип, карьералык тепкич менен өскөн. Акыры изденүүсүнүн жыйынтыгы менен мобилдик телефондордун экранын чыгарга “Lens Technologies” аттуу компанияны негиздеген. Учурда анын байлыгы 7,8 миллиард доллар болуп бааланды.

Чжоунун көздөгөнү сааттардын айнектерин чыгаруу болгон. Ал арада смартфондордун жаңы мууну чыгып, аны ийгиликке жетеледи. 2003-жылы ага мобилдик телефондорду чыгарган ири компаниялардан смартфондорго экран жасоо боюнча кайрылуу түшкөн.

Азыр өзүнүн “Lens Technologies” компаниясында 70 миңге жакын адам эмгектенет. Чжоу өзүнүн фабрикасын кунт коюп изилдеп, көзөмөлдөп турат. Башкы менеджерлеринин бири “Times” басылмасына берген маегинде «Кээде механик болуп, иш процессине байкоо салат. Бул мени ыңгайсыз абалга калтырат. Эгерде көйгөй көрүнсө эмнеге мурда көрбөгөнүмдү сурайт”,-деген.

Ишканасынын штаб-квартирасы Чаньшедеги өндүрүш заводдорунун биринде жайгашкан. Кеңсесинде чакан батирге алып бара турган каалга бар. Анда жашап, каалаган убакта, күн же түн болобу фабрикасында иштин жүрүшүнө көз салат.

Абдан токтоо жана жөнөкөй

Байлыгы жана ийгиликтерине карабастан Чжоу Кунфей ажарлуу жана жөнөкөй. Ал жыйындарды өткөргөндө көп учурда унчукпайт. Качан гана бир нерсе айтканда элдин барынын көңүлүн бура алат. “Мен ачык адам эмесмин! Ийгилик коштоп турганда бакытка балкып кетпөө жана кыйын учур болгондо жашоодон түңүлүп калбоо деген эки нерсе мен үчүн абдан маанилүү”,-деген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт