Кытайда 32 айнек асма көпүрө жабылды

Кытайда 32 айнек асма көпүрө жабылды
1-Ноя. 2019, Жума, 14:49

Кытайдын Хебей провинциясында туристтердин кызыгуусун жараткан айнек көпүрөлөр коопсуздукка байланыштуу жабылды. Өлкөдө мындай көпүрөлөрдөн 2 миң 300ү бар.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы жабылгандардын арасында пейзажды көрүү үчүн жасалган, 2017-жылдын соңунда ачылган Hongyagu көпүрөсү бар.

Дизайны израилдик архитектор Хаим Дотанга таандык, эки тоонун арасын бириктирген Hongyagu көпүрөсүнүн узундугу 488 метр. Жерден бийиктиги 215 метр. Бир эле учурда үстүндө 2 миң киши жүрө алат.

Эмнеге жабылды?

Айнек көпүрөлөрдү жабууга эки адамдын өлүмү, бир канча адамдын жабыркашы себеп болду. Өкмөт өлкөдөгү бардык көпүрөлөрдүн абалын текшерүүнү тапшырды.

Июнь айында Гуангши штатында жамгырдан кийин бир адам тайгалактан кулап, көз жумган. Ал окуяда алтоо жабыркаган. 2017-жылы Хубейде бир турист айнек көпүрөдө көз жумган.

2015-жылы Хенань провинциясында ачылган айнек көпүрөнүн пайдубалындагы бузулуулар баш аламандыкка алып келген.

Кытайда 2016-жылы Чжанцзяцзе айнек көпүрөсү ачылган. Күнүгө сегиз миң киши өтүүгө ылайыкталганы менен ага 10 эсе көп зыяратчы келген. Бирок бул көпрө 13 күндөн кийин жабылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт