“Жыландуу үйдүн” жашоочулары ээсине кол салды

“Жыландуу үйдүн” жашоочулары ээсине кол салды
2-Ноя. 2019, Ишемби, 13:39

АКШнын Индиана штатында узундугу 2,5 метрге жеткен питон жылан багып жүргөн аялды муунтуп өлтүргөнү белгилүү болду.

Жергиликтүү медиага жарыялаган кабарларда окуя Индиананын Oxford аймагында "сойлоп жүрүүчүлөрдүн үйү" аталышын алып жүргөн, ичинде 140 жылан жашаган үйдө болгону белгиленди.

Кошуна үйдө жашаган Benton аймагынын жетекчиси Дональд Мунсон көзөмөлдөө үчүн ичкери кирген учурда 36 жаштагы Лаура Хурстун мойнунда узуну 2,43 метр питон жылан оролгонун көргөн.

Мунсон Хурсту куткарып, тез жардам кызматына чалган. Бирок окуя болгон жерге келген медициналык кызматкелери аялды куткарууга мүмкүн болбогонун айтышкан.

“Эмне болгонун так билбейбиз”

Индиана штатынын полиция кызматынын маалымат катчысы Ким Рилей жыландар жашаганга ылайыктуу капастар коюлган үйдө эмне болгонун изилдеп жатышканын билдирди. “Эмне болгонун так айта албайбыз. Хурст жыланды капастан чыгарып жатканда мойнуна оролгон окшойт”,-деди.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында Хурст жана Мунсон узак жылдардан бери жыландарга жакын экени белгиленди. Лаура Хурстун адвокаты Марсел Катз “Бул аял жылдандарды абдан жакшы көрчү. Ал тургай күйөөсү менен ажырашканы да буга байланыштуу”,-деген.

Жергиликтүү жетекчилер аялдын өлүмү боюнча медициналык кызматкерлердин корутундусун күтүп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт