Сталиндин небереси көз жумду

25-Май 2017, Бейшемби

Россия армиясынын борбордук академиялык театрынын режиссеру, Иосиф Сталиндин небереси Александр Бурдонский 75 жаш курагында көз жумду. Ал жүрөк оорусунан улам ооруканада жатканын “Интерфакс” агенттигине 24-майда театрдын өкүлү кабарлаган.

Александр Бурдонский 1941-жылы октябрда СССРдин министрлер кеңешинин төрагасы Иосиф Сталиндин уулу, авиациянын генерал-лейтенанты Василий Сталиндин үй-бүлөсүндө туулган. 1971-жылы Россиянын театралдык искусство институтунун режиссерлук факультетин аяктаган.


Театрда эмгектенген жылдары Максим Горький, Родион Феденев жана Томас Уильямстын чыгармалары боюнча бир нече спектаклдерди койгон. Бул эмгектери үчүн ага 1996-жылы Россиянын Эл артисти наамы ыйгарылган.


Өткөн жылы режиссер 75 жылдык мааракесин белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!