Президент туулган жерине жана аялына таарынды

Президент туулган жерине жана аялына таарынды
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 12:55

АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йорктон көчүп кетти. "Мага жаман мамиле кылып жатышат” деген президент жана анын үй-бүлөсү эми Флорида штатында жашайт.

Twitter тармагына жазган билдирүүсүндө Вашингтондогу Ак сарайда дагы бир 5 жыл калууну ойлоп жатканын баса белгилеген Трамп "Бирок үй-бүлөм менен Флориданын Палм-Бич шаарында жашайбыз. Нью-Йоркту жана элин баалайм. Бирок жыл сайын шаарга, жергиликтүү бийликке миллиондогон доллар салык төлөсөм да шаардын, штаттын саясий лидерлери жаман мамиле кылышат”,-деди.

Ошондой эле ал "Президент катары Нью-Йорк жана элине жардам берүүгө ар дайым даярбыз. Алар жүрөгүмдөн өзгөчө орун алган”,-деди.

Трамп өзү туулган Нью-Йорк шаарында жашачу. “New York Times” гезитиндеги маалыматка ылайык президенттин үй-бүлөсү сентябрдын аягында Флоридага көчүү боюнча арыз менен кайрылган.

Трамп: Атып кетишсе Мелания ыйлабайт

АКШнын президенти Дональд Трамп атып кетишсе жубайы Мелания Трамп ыйлабай турганын айтты.

Республикачыл партия уюштурган кайрымдуулук иш-чарасында сөз сүйлөгөн президент Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Стивен Скэлис бир нече жыл мурда атылганын айтты.

Скэлис дарылангандан кийин салмагын жоготконун тамашага салган Трамп "Атылуу салмак таштаганга жакшы план эмес”,-деди.

“TIME” басылмасынын Вашингтондогу кабарчысы Вера Бергенгруиндин жазгандарына ылайык АКШ лидери биринчи айым Мелания боюнча "Стивен Скэлистин жубайы менен ошондо ооруканадан тааныштым. Ал күнү көздөрү шишигенче ыйлаптыр. Баарынын аялы трагедияга анчалык маани бербейт. Меники андай маани бербей турганын билем”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат