Apple үйү жокторго 2,5 миллиард доллар колдоо көрсөттү

Apple үйү жокторго 2,5 миллиард доллар колдоо көрсөттү
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 13:12

Дүйнөдөгү эң бай Apple компаниясы Калифорния штатында үйлөрдүн бааларынын кымбаттоосуна себеп болгон кыймылсыз мүлк көйгөйлөрүнөн чечүү үчүн 2,5 миллиард долларлык колдоо көрсөттү.

Анын 1 миллиард доллар ыңгайлуу баадагы конуш долбоорлорун баштоо же жандандыруу үчүн өкмөт жетекчилери менен өнөктөштүктө башкарылган фондго өткөрүлүп берилет. Дагы 1 миллиард доллары мугалим, эмчи айым, полиция жана өрт өчүрүү сыяктуу кесиптерде иштегендерге жана үйү жокторго материалдык колдоого жумшалат. Калган 500 миллион доллар Apple компаниясы жайгашкан аймакка ыңгайлуу баада турак жайларды курууга берилет.

Компаниянын жетекчиси Тим Кук “Reuters” агенттигине берген маегинде ишкана Калифорниядагы кыймылсз мүлк көйгөйүн жакшыртууга жоопкерчилик алганын айтты.

"Кыймылсыз мүлк кризисинен улам бул аймакта бир топтору үй ала албай жүрүшөт. Адамдар жашап, үй-бүлө кура турган жандуу аймакты түзүүнү каалайбыз”,-деди.

Өткөн айларда Facebook жана Google Калифорнияда ыңгайлуу баада турак куруу үчүн 1 миллиард долларлык инвестиция кыларын билдиришкен. Microsoft ишканасы Сиэтл штатындагы кыймылсыз мүлк кризиси үчүн 500 миллион долларлык инвестиция кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
Жамалдинов:
Жамалдинов:"Көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл"
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү