Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз

Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 17:06

АКШнын өзөктүк ишмердиктеринен улам оор санкциялар киргизилген Иранда президент Хасан Рухани өлкө 1979-жылдагы революциядан бери эң оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканын белгиледи. "Азыркыга чейин мунай сатыгында жана мунай танкерлеринин жүрүшүндө мынчалык көйгөйгө кабылган эмеспиз",-деди ал.

Иран өзөктүк ишмердиктерин улантканы эки тараптуу каршылашуу АКШ санкциялары менен коштолууда. Президент Дональд Трамптын бийлиги тарабынан 2018-жылдын ноябрынан бери Ирандын өнөр жай жана каржы тармактарына киргизилген катаал санкциялар өлкөнү кыйын абалга алып келип жатат.

Иран оор процессти башынан өткөрүп жатканын айткан Рухани "Революциядан бери мунай сатыгында жана мунай танкерлеринин жүрүшүндө мынчалык көйгөйгө кабылган эмеспиз",-деди.

Иранга 2011-2012-жылдары санкция киргизилгенде мунай сатыгы 1 миллионго төмөндөгөн. Бирок өзөктүк макулдашуудан кийин 2 миллион 800 миң баррелге жеткенин айткан Рухани "Экономиканы түшүнбөгөндөр мунайды сатпасак да маанилүү эмес. Каалгасын кулпулап коюп кийин сатабыз. Кен чыгаруу жана дайыканчылык иштерин да токтотуп, кийин жасайбыз дешет. Бирок каалгаларын жапкандын ордуна ачуу керек. Кудуктарды жакшыртуу үчүн өзөктүк макулдашуудан кийин 800 миллион доллар жумшадык”,-деди.

Иранда импорт үчүн жылда 60 миллиард доллар керек экенин айткан Рухани салыктар өлкөнү башкаруу үчүн керек болгон акчанын 30 пайызын түзөөрүн жана мунайды сата албай калган учурда калган 70 пайызын толтуруу кыйын болорун айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Мухаммедкалый Абылгазиев  менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Мухаммедкалый Абылгазиев менен Джорджина Бэйкер жолугушту
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
Чолпон Талипбек айылдын китепканасына салым кошууга чакырды
 Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Анжелика Кайратова: Биз бакытты күтөт экенбиз
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Толгонай Арзыкеева: Концерт сонун болуп жатат
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Айгерим Расул кызы «Тойота Хайлэндер» унаасын белекке берет
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Президенттин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
​Мейвезер Макгрегор менен кайрадан рингге чыгууга даяр (видео)
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
2019-жылы «Айыл Банк» 3.2 млрд сомдук баалуу кагаздарды чыгарды
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
МКК биометрикалык паспорттордун бланкаларына 1 млрд сом керектейт
 Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Сауд Аравия коронавирустан улам кичи ажылыкка тыюу салды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Чүй облусунда эки адамдын сөөгү табылды
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Иммунитетти бекемдеп, арыктатуучу суусундук!
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
Боронов: Дыйкандар 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды ала баштады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады
​Хабиб карьерасындагы эң күчтүү атаандашын атады
Бишкек сатып алуу жагынан ЕАЭБдин борборлорунан артта
Бишкек сатып алуу жагынан ЕАЭБдин борборлорунан артта
Үрүмчүдөн келген студенттерден коронавирус аныкталган жок
Үрүмчүдөн келген студенттерден коронавирус аныкталган жок