20 качкын Италия жээктеринде жан берди

25-Май 2017, Бейшемби

15 кайык менен Италияга жетүүгө аракет кылган 1700 жүргүнчүнүн жыйырмасынын жансыз денеси суудан чыгарылды.
Жээктин коопсуздугу боюнча топтун билдиргенине караганда эки жүздөй качкын деңизге түшүп кеткен. Куткаруу тобунун жетекчиси Крис Катрамбон көп сандаган жансыз денелер табылганын, арасында балдар да бар экенин билдирген. Ошондой эле бир топ кемелер жардамга чакырылганын белгилеген.


Миллиондогон качкын Европага жол алды

Миллиондогон чет элдиктер Европа мамлекеттерине жол алган. Качкындардын саны көбөйгөн сайын Жер ортолук деңизге чөгүп кетүү коркунучу пайда болду.

Германиянын “Bild” гезитиндеги маалыматтарга караганда Жер ортолук деңизинин түштүгүнөн жана чыгышынан Европага өтүүгө аракеттенген качкындардын саны көбөйгөн. Аталган өлкөнүн коопсуздук мекемелерине таянып жазылган кабарда Түндүк Африка, Иордания жана Түркияда Европа мамлекеттерине кетүүнүн каалаган качкындарды саны 6 миллион 600 миңге жеткенин баса белгиленген.

Чек арасыз дарыгерлер (MSF) уюуму Жер ортолук деңизинен куткарылган качкындарды Ливияга кайра кайтарбоону эскерткен. Уюмдун маалымат катчысы Ливиядагы лагерлерде баш калкаалагандар өтө оор шарттарда жашарын, ачка калган күндөр болорун айткан. Ал эми “Pro Asyl” аттуу Германиядагы качкындарга жардам берген уюм май айынын ортосуна чейин 1 миң 364 качкын Жер ортолук деңизинде көз жумгандыгын жарыялады.

Агым уланууда
“Bild” гезитиндеги маалыматта 62 миңи Грецияда турган 79 миң качкын Балкан багыты аркылуу батыш жана түндүк Европа мамлекеттерине өткөнү турат. Деңиз жолу аркылуу Европага качкан качкындардын ири бөлүгү Италияга келүүнү көксөшөт.

2015-жылы 181 миң нигериялык, бангладештик, гамбиялык жарандар баш калкалап жаткан Италияга 2017-жылы 37 миң 300 адам кошулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!