Кыскача "smombies" (смартфон зомбиси) же акылдуу телефондордун катыштыгында кырсыктар көбөйө баштады. Өзгөчө жөө жүргөндөрдүн арасында мындай учурлар көп катталууда.
Алар жолдо бара жатканда көңүлүнүн 99.9 пайызын телефонго, 0,1 пайызын транспортко бурганы көйгөй жаратууда.
Буга акыркы мисал катары Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги окуяны айтууга болот. Метро станциясындагы коопсуздук камераларынан алынган видеодо бир адам телефонго алаксып кеткенин көрүүгө болот. Бейкапар смартфонуна үңүлүп бара жатып рельске түшүп, бутанан жаракат алды. Аны айланасындагылар куткарууга үлгүрүштү.