Дүйнө лидерлери Путиндин ракеталар тууралуу катына жооп берген жок

Дүйнө лидерлери Путиндин ракеталар тууралуу катына жооп берген жок
6-Дек. 2019, Жума, 13:18

Дүйнө лидерлеринин көбү орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий жарыялоо тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин катына жооп беришкен жок. Бул тууралуу орус мамлекет башчысы өзү аскердик тематикадагы жыйын маалында билдирди.

Путиндин айтымында, дүйнө коомчулугунун реакция кылбай жатышы — Россияны бул коркунучтарга каршы туруу үчүн чараларды көрүүгө аргасыз кылууда.

— Азырынча бизге Франциянын президенти Эммануэль Макрон мырза гана жооп берди. Башка өнөктөштөр реакция кыла элек, — деди Путин. Орус лидери Москва учурда ракеталар жок жерлерге жаңыларын жайгаштырууга кызыкдар эмес экенин кошумчалады.

Күн мурун Владимир Путин Россия жыл аягына чейин эч кандай болжолдуу шарттарсыз эле стратегиялык чабуул жасоочу куралдарды кыскартуу тууралуу макулдашуунун (СНВ-3) мөөнөтүн узартууга даяр экенин билдирген. Ал мындай сунушту кийин Москванын позициясы тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылбашы үчүн жасап жатканын белгилеген.

Путин быйыл сентябрда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө, анын ичинде Кытай менен НАТОго мүчө бардык мамлекеттерге кат жолдоп, кыска жана орто аралыктагы ракеталарды жайгаштырууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Августта 500дөн 5500 чакырымга чейин жете турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу макулдашуу күчүн жоготкон. Бул келишимге 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол коюшкан. Алгач Вашингтон Москваны макулдашуунун шарттарын бузууга айыптап, келишимден чыкканын жарыялаган. АКШнын бул позициясын НАТО дагы колдогон. Россия айыптоолорду четке кагып, кийинчерээк ал дагы келишимден чыкканын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү