Учакка ноутбук алып кирүүгө тыюу салынат

29-Май 2017, Дүйшөмбү

АКШнын Ички копсуздук боюнча министри Жон Келли өлкөдөгү бардык эл аралык каттамдардагы жүргүнчү учактарынын салонуна ноутбуктарды алып жүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн экендигин билдирген. Ал түрдүү электрондук түзүмдөр авиация үчүн чоң коркунуч жаратарын айткан.

“Учуп бара жатканда учактарды жардыруу сыяктуу террорчулар үчүн жакшы идея. Өзгөчө америкалык авиацияга”,-деген Келли “Fox News” каналына берген маегинде.

Буга чейинки Европа биримдиги жана АКШнын Ички копсуздук боюнча министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр болгон. Анда тыюу салуу тууралуу айтылгандар кабыл алынган эмес.

АКШда март айында Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканын тогуз шаарына авиа каттамдарда электрондук түзүмдөрдү салонго алып кирүүгө тыю салынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!