Чагылган 20 адамдын өмүрүн алды

29-Май 2017, Дүйшөмбү

Индиянын Бихар штаттында 18 адамга чагылган тийип көз жумгандыгын “PTI” агенттиги кабарлады.

Аталган аймактын өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлү Анирудх Кумар окуя штаттын сегиз округунда жекшемби, 28-майда болгонун айтты. Курмандыктардын көбү Чыгыш Чампаран округунан экенин кошумчалады.

Катуу шамал жана чагылгандан ураган дубалдар да адамдардын курмандыктарына алып келгенин, катаал аба ырайынан жалпысынан штаттын 23 тургуну көз жумганын билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!