Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты

Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты
9-Дек. 2019, Дүйшөмбү, 15:21

Гонконгдо июнь айынан бери уланып жаткан демократияны жактаган козголоңдор жетинчи айга кетти. 8-декабрдагы жүрүшкө жүз миңдей киши катышты.

Коопсуздук күчтөрү 10-декабрь Адам укуктары боюнча иш-чаралардын бир бөлүгү катары уюштурулган жүрүшкө уруксат берип, тартип бузуулар болсо кийлигишерин эскертти.

Кытайдын бир бөлүгү экенине карабастан автономия статусуна ээ Гонконгдо кылмышка шектелгендердин Кытайга экстрадицияланышын туура көргөн мыйзам долбооруна каршылыктан улам башталган нааразычылыктар административдик аймактагы башкарууга каршы акцияга айланган.

Ал мыйзам долбоору артка кайтарылса да нааразы тарап ортолорунда Кытайга жакындыгы менен белгилүү Гонконг административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетүүсүн, камактагы демонстранттарды бошотууну, полициянын зомбулуктарын изилдөөнү жана жоопкерчиликтүүлөрдүн эсеп берүүсүн талап кылышууда.

Ар катмардан катышты

Бул күнкү тынч митингге коомчулуктун ар катмарынан, жашы 15тен 60 жашка чейинки адамдар катышты. “Reuters” агенттигине маек берген 23 жаштагы жигит жаңы жылдагы жалгыз каалоосу шайлоо жана шайлоого укук алуу экенин белгиледи.

Полиция курал тапты

Жекшемби күнкү жүрүш тынч өткөнүнө карабастан коопсуздук күчтөрү 11 кишини камады. Полиция операция өткөрүп, анда ок атуучу курал жана 100дөн ашык ок табылганын билдирди.

Автономиялуу аймакта 9-июнда бир миллиондон ашык кишинин катышуусунда башталган баш аламандыктарда ушул мезгилге чейин үч адам көз жумса, 2 миңден ашыгы жарадар болгон. 4 миңден ашык демонстрант камакта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү