Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет

Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
10-Дек. 2019, Шейшемби, 15:06

Жыл сайын дүйнөдө 1 триллион доллар пара берилет. Болжолдуу 2,6 триллион долларлык паракорчулук болот. Көрсөткүчтөр дүйнөнүн 80 миллиард долларлык жалпы Ички дүң өндүрүмүнүн 5 пайызынан да көп.

9-декабрда Эл аралык паракорчулук менен күрөш күнүндө бул маалыматтарды бөлүшкөн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) паракорчулук бүтүндөй коомчулуктарда социалдык жана экономикалык өнүгүүгө балта чапкан оор кылмыш экенин эске салды. Билдирүүдө паракорчулукка каршы биримдик (United Against Corruption) өнөктүгүн күчтөндүрүүнү убада кылды.

БУУнун Баш катчысы Антонио Гутереш бул боюнча айткандарында "Бул Эл аралык күндө бардыгыңыздарды паракорчулукка каршы күрөштө жеңүү үчүн жаңыча чечимдерди издөөгө чакырам”,-деди.

"Паракорчулук жан алып жатат"

Эл аралык паракорчулук менен күрөш күнүнүн алкагында өзгөчө мамлекеттик фонддор жеке эсептерге жумшалып жатканы өзгөчө кылмыш. Экономикалык зыян климат кризисине жол ачканы, глобалдык ысык, анын кесепетинен болгон жаратылыш кырсыктары көп жоготууга учуратып жатканы баса белгиленүүдө.

Эл аралык Айкындуулук уюму 9-декабрь боюнча жарыялаган билдирүүсүндө паракорчулуктун адамдын жашоосуна таасирлерин жазды.

"Климат менен паракорчулук тереңден байланышкан" деген уюм жаратылыш кырсыктары үчүн бөлүнгөн гуманитардык жардам фонддорунун жаңылануучу энергия системалары сыяктуу экологиялык көйгөйлөргө бөлгөн бюджеттерин бир адамдын кызыкчылыгына колдонуу коркунучу бар экенине көңүл бөлдү.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда суу тармагы бюджеттин 20-40 пайызы мыйзамсыз иштегенден улам жоготууга учурайт. Транспорт жана энергия секторундагы жоготуу да ушул чекте. Дарактарды кыркуу 15-30 пайыз болсо, бул көрсөткүч токойчулук жакшы өнүккөн мамлекеттерде 90 пайызга жакын.

Аталган уюм паракорчулук менен күрөшүү үчүн климат кризисине байланыштуу лобби жана өнөктүктөрдө каржылык жактарын коомчулукка бөлүшүп турууга чакырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт