NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү

NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
13-Дек. 2019, Жума, 15:51

NASA Марс планетасында астронавттар муздуу сууларга күрөктөп эле жетсе болгон жерлердин картасын жарыялады.

Бул табылгадан улам келечекте Марска бара турган астронавттар сууну Жерден ала келбегендей шарт түзүүлөрү айтылууда.

Шейшемби күнү жарыяланган картаны “Марстагы муз суу үчүн казына картасы” деп атаган NASA кызыл планетадагы “Arcadia Planitia” аталышындагы аймакты көрсөткөн. Бул жакта жер астындагы суу запастарына оңой эле жетүүгө болорун айткан агенттик суу күнүмдүк муктаждыктар менен бирге эле Марстагы ракетанын күйүүчү отунун өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн билдирген.

"Жөнөкөй күрөк жетиштүү"

NASAнын жетекчиси Сильвен Пикё билдирүүдө "Ири машиналарга муктаждыгыбыз болбойт. Жөнөкөй эле күрөк жетиштүү”,-деген. Ошондой эле картадагы аймак Марста жайгашкан Mars Reconnaissance Orbiter жана Mars Odyssey космос түзүмдөрү тарабынан изилденгенин айтты.

Марстын Arcadia аймагына NASA эле көз салган жок. Илон Масктын “SpaceX” ишканасы дагы бул аймакты конууга ыңгайлуу жай катары көрүп жүрөт. SpaceX ишканасы сыяктуу NASA да жаңы муундагы астронавттардын кийимдерин чыгарып жатат. Анын жардамы менен күрөк менен казуу сыяктуу жеңил иштерди аткарууга болору болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Арыктоого балансталган азыктар
Арыктоого балансталган азыктар
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Евро биримдик Брекзит келишимин колдоду
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Экотехинспекциянын директорун кызматтан алуу сунушталды
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүндөгү эң артыкчылыктуу багыттын айтты
 Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Айпери Кулбаева жаңы ыр жыйнагын сунуштады (видео)
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Сорос климаттагы өзгөрүүлөр жана авторитаризм менен күрөшөт
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Дүйнөдөгү эң күчтүү смартфон аныкталды
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
Санариптештирүү боюнча чечимди аткарбаган жетекчилерге катуу чара көрүлөт
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
“Мекен” тасмасынын бет ачары 19-мартка жылды (видео)
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
Алайда билим алып жаткан этникалык кыргыздарга окуу китептери бөлүндү
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
ДСУ вирус боюнча билдирүү таратты
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Аткезчилик жол менен алынып келинген «Лексус GS-250» унаасы кармалды
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Назми Байзакова: “Эл эмне дейт’’ дегендин сизге эч тиешеси жок!
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?
Сыздоок чыккан кезде аны кантип эмдөө керек?