Москвада: каза тапкандардын саны 11ге жетти

30-Май 2017, Шейшемби

Москвада катуу шамалдан улам кооптулуук сары түстөгү деңгээлге жеткени белгилүү болду. Бороондон курман болгондордун саны он бирге жетти. Алардын арасынан төртөөнү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен бороон кулаткан дарактар басып калган. Жаратылыш кырсыгы Кремлдеги Сенат сарайынын жана башка көптөгөн турак жайлардын чатырын учурган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ооруканада оор абалда жаткан жарадарлардын саны көп болгонуктан жогорудагы көрсөткүч өсүшү мүмкүн экендигин билдирди.

29-майдагы бороон көптөгөн жоготууларга себеп болгону менен борбордун метеорологиялык тарыхына жазылды.

Буга чейин эң кыйроого алып келген шамал 1998-жылы 21-июндун түнүндө болгон. Анда сегиз адам көз жумса, 157си жаракат алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!