КЭДР: Баллистикалык ракета сынактан өттү

30-Май 2017, Шейшемби

Корея Элдик Демкоратиялык Республикасынын (КЭДР) жогорку тактыктыгын аныктоо максатында учурулган баллистикалык ракетасы сынактан ийгиликтүү өткөнүн “Рёнхап” агенттиги жарыялады.

Маалыматка караганда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түзүмдү кое берүүгө көз салып турган. Ракета пландалган жерден жети метр аралыкка жеткен.

Буга чейин Түндүк Корея учурган дагы бир ракета 450 чакырым аралыкты багындырган. Ал Япониянын Оки аралынан 300 чакырым алыстыктагы экономикалык аймакка түшкөн. Учуусу алты мүнөткө созулган түзүмдүн Япония тарапка зыян келбегени кабарланган. Түндүк кореялык аскер кызматкерлери снарядды орто жана жакынкы аралыктагы ракеталардын катарына киргизген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!