БУУ: 100 миңден ашык жаран үйүн таштады

30-Май 2017, Шейшемби

2017-жылы Афганистандын согуш жүрүп жаткан аймактарында жашаган 100 миңден ашык жаран коопсуз жайга көчүп кетүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунан билдиришти.

Уюмдун Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгынын маалыматына караганда, ушул жылдын январынан бери Афганистанда 103 229 киши башка жерлерге көчүшкөн. Бул өткөн жылдын алгачкы беш айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 36 пайызга аз.

Башкармалыктын эксперттери үйүн таштап кеткендердин азайышын өлкөдөгү негизги кагылышуулардын дагы деле былтыркы аймактарда уланып жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Айтымдарында, ал райондордогу жашоочулардын көбү мурда эле көчүп кетүүгө үлгүрүшкөн. Уюмдун билдирүүсүндө буга өлкөдөгү жакырчылыктын өсүшү жана буга чейин башкалкалоого мүмкүн делген шаарларда коопсуздуктун начарлаганы дагы себеп болгону айтылат.

“Талибан” кыймылы менен ИГИЛ экстремисттик тобу Афганстанда байма-бай кол салууларды уюштуруп келет. Январдан бери алардын колунан жүздөгөн жай тургун каза болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!