Трамп уюлдук телефонунун номурун таратты

31-Май 2017, Шаршемби

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк лидерлерди уюлдук телефону аркылуу түз байланышууга чакырды. Бул тууралуу “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги жазды.

Агенттик мындай адаттан тыш көрүнүш дипломатиялык эрежелерге дал келбей турганын, билдирүүлөр коопсуздук жана купуялуулукта кооптонууну жаратарын белгиледи.

“Трамп Канада жана Мексиканын лидерлерин уюлдук телефону аркылуу түз байланышууга чакырды”,-деген учурдагы америкалык чиновниктердин бири. Айтылгандарга караганда Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо гана бул сунуштан пайдаланган.

Ал эми франциялык дагы бир чиновник Трамп жеке номерин Франциянын президенти Эммануэл Макронго да бергенин билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!