Курмандыктарынын саны 80ге жетти

31-Май 2017, Шаршемби

Афганистандын борбору Кабул шаарындагы жардырууда көз жумгандардын саны сексенге, жарадарлардын саны 350гө жеткенин “Рейтер” агенттиги өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Буга чейин 65 адам көз жумганы, 325и жаракат алганы кабарланган.

Кабулда каттуу жардыруу шаршемби, 31-майда эртең менен президенттик сарай жана чет элдик элчиликтердин имараттарына жакынкы жерде болгон. “Рейтер” агенттиги имараттардын каалга-терезелери талкаланганын, “Синьхуа” агенттигинин бюросу жабыркаганын маалымдаган.

“Tolo News телеканалы” Афганистандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып суу ташууга ылайыкталган автоцистерна жарылгандыгын жарыялады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!