АКШ дүйнөдөгү эң чоң учагын алып чыкты

1-Июнь 2017, Бейшемби

Калифорния штатынын Мохаве чөлүндөгү өндүрүш жайынан ракета алып жүрүүгө жөндөмдүү дүйнөдөгү эң чоң транспорттук учагы чыгарылды. Бул тууралуу аба кемесин иштеп чыккан “Stratolaunch” компаниясы кабарлаган.

Лайнердин канатынын узундугу 117 метрге, салмагы 230 тоннага, бийиктиги 15 метрге жетет. 28 дөңгөлөктүү шасси менен жабдылып, 250 тонналык жүк көтөрүүгө ылайыкталган.

Учак “Pegasus XL” ракета алып жүрүүчүлөрдү ташыган аба платформасы катары пайдаланылары күтүлүүдө. Биринчи этабында аба кемеси бир ракетаны алып жүрөт. Бирок келечекте үчкө жакын ракетаны жүктөө жагы каралууда.

Ишкананын жетекчилигинин өкүлү Жин Флойддун айтымында, аба кемеси Мохаве чөлүндө сынактан өтөт. Ал эми толук пайдаланууга 2019-жылы берилет.

“Stratolaunch” ишканасын 2011-жылы "Майкрософт" корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири Пол Аллен түзгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!