Сирия: Бир күндө 800 качкын кайтты

Сирия: Бир күндө 800 качкын кайтты
16-Янв. 2020, Бейшемби, 09:30

Сирияга 200дөн ашык качкын бир суткада Ливандан кайтып келди. Дагы 600гө жакыны Иорданиядан келгенин качкындарды жайгаштыруу мекемеси билдирген.

Сирияга Ливандан "Джейдет-Ябус" пунктту аркылуу 840, "Телль-Калах" өткөрүү пунктунан 206 адам (62 аял, 105 бала), Иорданиядан "Насиб" өткөрмө пункту аркылуу 634 адам (190 аял, 323 бала) кайтып келди", - деп жазылган аталган мекеменин маалыматында. Ошондой эле Сириянын куралдуу күчтөрүнүн инженердик бөлүмү Дамаск жана Дераа провинциясынын 2,8 гектар аянтты минадан тазалаганын, табылган 43 жардыруучу зат жок кылынганын кошумчаланган.

Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланууда. 2017-жылы террордук топтор жеңлгени жарыялап, айрым райондордо согушкерлерди тазалоо болгон. Андан бери саясатты турукташтыруу, өлкөнү калыбына келтирүү, качкындарды кайтаруу иштери биринчи планга коюлган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР