Индонезияда эки арал суу астында калды

Индонезияда эки арал суу астында калды
16-Янв. 2020, Бейшемби, 10:30

Индонезиянын Түштүк Суматра провинциясына караштуу эки ээн арал суунун астында калды. Ага климаттагы өзгөрүлөрдөн улам деңиз деңгээлинин көтөрүлгөнү себеп болгон. Бул тууралуу “Jakarta Post” гезити өлкөдө өткөн экология боюнча форумга шилтеме берип жазды.

Бетет жана Гундул аттуу сууда калган аралдардын бири улуттук Бербак-Сембиланг паркынын бир бөлүгү болгон.

Океандын деңгээлинин көтөрүлүшү боюнча чаралар көрүлбөсө Индонезияда дагы төрт арал жоголуу коркунучунда калары кабарланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР