Германия кесипкөй адистерге муктаж

Германия кесипкөй адистерге муктаж
17-Янв. 2020, Жума, 09:18

Экономикасы жакшы өнүккөн Германия ошол эле мезгилде калкы улгайган өлкөлөрдүн катарына кирет. Андан улам жыл сайын жүз миңдеген кесипкөй мигранттарга муктаждык бар.

Бул иштердин алкагында Берлин өкмөтү үстүбүздөгү жылдын март айында күчүнө кире турган, виза алууну жеңилдеткен бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Мындай пикирди жактаган депутат, Эркин демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Кристиан Дүрр Германияда алдыда пенсия системасы өлкө экономикасына кыйынчылык жаратарын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдө төрөт мурдагыга салыштырмалуу азайганын кошумчалады.

“The Local” сайтына маек берген депутат "Сырттан мигранттар алынбаса өлкө артка кетет. Өкмөт бул маселеге азыртадан көңүл бурушу керек”,-деди.

2020-жылдын март айында күчүнө кире турган жаңы мыйзамдын алкагында Индия, Бразилия, Вьетнам, Мексика, Филипин сыяктуу мамлекеттерден жыл сайын 200 миңдин тегерегинде мигрант алуу каралган. Айрыкча кесипкөй адистерди алууда виза иштери тездетилет. Келгендердин кесиптери боюнча документтери жана дипломдору таанылат. Немис тилин жогорку деңгээлде билүү шарты коюлбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР