Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды

Украинанын премьер-министри отставкага арыз жазды
18-Янв. 2020, Ишемби, 09:23

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен.

15-январда «Ютубда» Украинанын премьер-министри, каржы министри жана Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын үндөрүнө окшош адамдар Владимир Зеленскийди экономиканы түшүнбөйт деп айыпташкан. Бул окуядан кийин Гончарук ага карата ири масштабдагы каралоо кампаниясы жүрүп жатканын билдирген.

Алексей Гончарук «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен бул кызматка президенттин программасын аткаруу үчүн келгем. Ал мен үчүн ачык-айкындуулуктун жана ак ниеттүүлүктүн үлгүсү болуп эсептелет», - деп жазган. Ал коопчулуктагы шектенүүлөргө чекит коюу үчүн отставкага кетүү чечимин кабыл алганын кошумчалаган.

36 жаштагы адвокат Алексей Гончарук премьер-министрлик кызматка 2019-жылы август айында дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
Турдакун Ниязалиев: Тымызын душмандык кылба!
 Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Алмаз Шаадаевдин дагы бир клибин 4 млн көрүүчү көрдү
Психология чын эле пайдалуубу?
Психология чын эле пайдалуубу?
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
Ырчы Каныкей: Ханзаада менин сыймыгымды гана арттырды!
 Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
Аяна Касымованын мырзаларга арналган кечесине келиңиз!
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
​Сүйүнчү! “Нефтчи” 1:0 эсебинде “Худжанд” командасын жеңди
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 13 жаран Кыргызстанга кайтарылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Бишкекте окуу акысы айына 360 сомду түзгөн англис тил курсу ачылды
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
Чачыңыз тынымсыз түшүп жатабы?
 Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Жээнбеков Венгриянын тышкы иштер жана соода министри менен жолугушту
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
Абылгазиев: Инвесторго ишенбөөчүлүк – бул мурдагылардын каталарынын кесепети
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
20-февраль: абанын температурасы +9 градус болот
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
​Роналду сүйүктүүсүнө айына канча акча берет?
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Күйүп калган териге алгачкы жардам
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Туризм департаменти сынак жарыялады. Шарттары кандай?
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды
Кытай жарандарына Россия аймагына кирүүгө тыюу салынды