Учакта чуу салган аялды таңып алып барышты

Учакта чуу салган аялды таңып алып барышты
23-Янв. 2020, Бейшемби, 05:04

Россиянын Уфа шаарынан Дубайга бара жаткан жүргүнчүлөрдүн бири учак көтөрүлгөндөн кийин башкаларга тынчтык бербей баштаган.

Буга чыдабаган жүргүнчүлөр экипаж мүчөлөрүнө арызданышкан. Мас абалындагы аялды алар да тыя албаганда сапарлаштарынан бирөө кийлигишүүгө мажбур болгон. Ал аялдын колдорунан кармап, байлай турган нерсе сурады. Борт коштоочулар скотч алып келип, аялдын колдорун байлоого жардам беришти.

Учак Дубайга коноору менен араң тынчтанган aялды полицияга тапшырышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР