Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды

Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
23-Янв. 2020, Бейшемби, 07:44

Англияда парламенттин жогорку Лорддор палатасы Брекзит жараянын мыйзамдаштыра турган долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады.

Бул процессте Борис Жонсон өкмөтү мыйзам долбоорунан чыгарган качкын балдарды үй-бүлөсүнө кошуу укугун коргоо жана бшка 4 оңдоону текстке кошууну чечти.

Мыйзам долбоору Елизавета IIнин макулдугунан кийин мыйзамдаштырылат жана Англия 1973-жылы кирген Европа биримдигинен 31-январда бөлүнөт.

Макулдашууга ылайык Англия ЕБге 30 миллиард стерлинг төлөйт. Англияда жашаган ЕБ жарандарынын укуктарын кепилдикке алат жана Ирландия деңизинде бажы түйүнү түзүлөт.

Жаңы мамилелер тууралуу сүйлөшүүлөр башталат

Убактылуу процессте тараптар келечектеги мамилелер тууралуу ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Анда соода, балыкчылык, авиация, фармацевтика жана коопсуздукка чейинки көптөгөн темалар талкууланат. ЕБ бул багыттарда келишим түзүүгө бир жыл жетишсиз экенин билдирип, 2022-жылга чейин узартууну талап кылып жатат. Бирок англиялык жетекчилер сүйлөшүүлөрдү 2020-жылдын аягына чейин аяктоону туура көрүшүүдө. Эгер макулдашууга жетишилбесе эки тараптын ортосундагы соода мамилелер Дүйнөлүк Соода уюмунун эрежелеринин негизинде жүргүзүлөт.

Эске сала кетсек, Англия, Галлер, Түндүк Ирландия жана Шотландиядан турган Бириккен Королдукта 2016-жылы өткөн референдумда 52 пайыздык жыйынтык менен Брекзит чечими чыгарылган.

Экс-премьер-министр Тереза Мэй жетектеген өкмөт ЕБден бөлүнө турган Брекзит макулдашуусун парламенттен өткөрө алган эмес.

Брекзит макудашуусун кечиктире баштаган Борис Жонсон лидерик кылган Консерваторлор партиясы 12-декабрда Британиядагы шайлоодо алдыга чыкты. Жеңиши менен Брекзитке каршылардын алдында күчтөнгөн Жонсон шайлоодон кийин мыйзам долбоорун парламентке алып келген. 9-январда Авам палатасында 330 добуш менен кабыл алынган оңдоолор Лорддор палатасына жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР